Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Орозо айт жөнүндө туура эмес маалымат тараткан имам бошотулду


Оштун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылындагы мечит имамы Сагынбек Назиржан орозо айт жөнүндө элге туура эмес маалымат таратканы үчүн бошотулду. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган имамдын көрсөтмөсү менен орозо айт бир күн мурун белгиленген. Мындан улам муфтият имамды кызматтан бошотту.

Буга чейин Сузактын Бек-Абад айылынын тургундары да Орозо айт намазын бир күн эрте белгилегени белгилүү болгон. Бул окуяны да муфтият териштирип жатканын маалымдаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG