Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Баткен: кышкы даярдык үчүн көмүр кампалары уюштурулду


Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, күз-кыш мезгилдеринде аймакта көмүргө болгон баа кескин көтөрүлүп кетишинин алдын алуу үчүн калк жыш жайгашкан аймактарда 7 жерде көмүр кампалары уюштурулду. Кампаларда баа көмүр өндүрүүчүлөр тарабынан көзөмөлдөнүп, алып сатарлар бааны кескин жогорулатып жиберүүсүнүн алдын алат.

Баткен облусу боюнча быйылкы жылы 200 миң тоннадан ашык көмүр өндүрүү пландалган. Облус калкынын керектөөсү 60 миң тоннаны түзөт. Жыл сайын кышка кам көрүү максатында облус аймагында көмүр кампалары уюштурулуп, баа көзөмөлдөнөрү айтылып келет. Бирок мурдагы жылдары көмүрдүн шахтадан чыккан баасы 7 миң сомго чейин болсо, базарда 15 миң сомго чейин чыгып кеткен. (JsA)

XS
SM
MD
LG