Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Азербайжанда белгилүү укук коргоочу кармалды


8-августта Азербайжанда белгилүү укук коргоочу Интигам Алиев кармалып, үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу анын кызы кабарлады.

Алиевдин кармалышынын себеби белгисиз.

Укук коргоочу Интигам Алиев 2012-жылы чехиялык "People in Need" укук коргоо уюмунун "Homo Homini" сыйлыгын алган.

Акыркы айдын ичинде Азербайжанда бир нече укук коргоочу камакка алынды. 2-августта салык төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн айыпталып Расул Жафаров кармалган. Андан мурда “мамлекетке чыккынчылык кылуу, мыйзамсыз ишкерчилик менен алектенүү, салык төлөөдөн качуу” деген айыптардын негизинде белгилүү активист Лейла Юнус жана анын жолдошу Ариф Юнус камалган.

1-августта Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясы Азербайжандагы укук коргоочулардын куугунтукталышын сынга алган.

XS
SM
MD
LG