Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Женевада АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрү жолугушту


Бейшембиде Вашингтон менен Тегерандын расмий өкүлдөрү Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Делегациялардын башында АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Бернс жана Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи турду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

Белгилүү болгондой алты дүйнөлүк держава: Англия, Франция, Германия, АКШ, Орусия, Кытай жана Евробиримдиктин өкүлдөрү Иран менен сентябрь айында, Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясын утурлай жолугушары күтүлүүдө.

Эл аралык коомчулук Иран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатат деп шектенет. Тегеран дооматтарды четке кагып келүүдө.

XS
SM
MD
LG