Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Орусиянын айрым аймактары украиналык качкындарды кабыл алууну токтотот


Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы Орусиянын Федералдык миграция кызматына шилтеме кылып жазды.

Качкындарды кабыл алууну Москва, Москва облусу, Петербург, Ростов облусу, Чечня жана Крым токтотту. Миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановскийдин айтымында, ушул күнгө чейин качкын макамын жана убактылуу баш калкалоо жайын суранып 60 миңдей Украина жарандары кайрылган.

Орусияда учурда 2 миллионго жакын украиналык бар, алардын 36 миңдейи убактылуу баш калкалоо жайларында турушат.

БУУнун маалыматы боюнча быйыл Украинанын чыгышындагы уруштан улам 700 миңден ашык адам үй-жайын таштап, Орусияда баш калкалоого мажбур болушту.

Ал арада Украиналык качкындарды жайгаштырып, жардам берүүгө Орусия бюджетинен 500 миллиард рубль сарпталары белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG