Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

АКШ Иракта исламчыларга каршы абадан таамай соккуларды баштады


Пентагон билдиргендей, Ирактын түндүгүндөгү Эрбил шаарындагы радикалдык топтор жайгашкан жерлерге абадан алгачкы таамай соккулар урулду.

Ракеталык соккулар шаарга чабуул коюп жаткан исламчыларга багытталды.

7-августта Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама “Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети” радикал тобу жайгашкан жерлерге абадан таамай сокку урууга уруксат берген. Ошондой эле ирактык качкындар топтошкон аймактарга учактардан гуманитардык жардам таштоого дагы тапшырма берилген.

6-августта Эрбилден 40 чакырым батыштагы күрт конуштары - Махмур жана Гварды экстремисттердин колуна өткөн. Бейшембиде жихадчылар Күрт автономиясынын чек арасына 20 чакырым жакын калганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG