Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Нигерия президенти өлкөдө өзгөчө абал жарыялады


Нигерия мамлекет башчысы Гудлак Жонатан эбола тумоосуна байланыштуу өлкөдө өзгөчө абал жарыялады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, Батыш Африкада жайылып жаткан бул илдеттен каза болгондордун саны 1000ден ашты. Алардын айрымдары Нигерия жарандары.

Соңку маалыматтарга ылайык, учурда вирус жуккан кишилердин саны 1779. Адистер бул дартты жугуштуу оорулардын эң коркунучтуусу деп атап жатышат.

Учурда эбола Сьерра-Леон, Либерия, Гвинея жана Нигерияда тарап жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG