Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Орусияда кыргыз мигранттарына арналган китепче чыкты


Орусиядагы кыргыз элчилиги ал жакта иштеп жаткан кыргызстандык мигранттарга арнап, эскерткич-китепче чыгарды. Ага мигранттарга таандык бардык жаңы мыйзамдар, талаптар жана милдеттенмелер жазылган. Андан сырткары, Орусияга келгенде мигрант алгач туш келе турган маселелер жана андан чыгуу жолдору камтылган. Китепчеге мигранттарга жардам берүүчү уюмдардын, Федералдык миграция кызматынын даректери, телефон номерлери да киргизилген.

Кыргыз жана орус тилдеринде 10 миң нускада басылган китепче Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен чыгарылды. Ал акысыз таратылат. Бул тууралуу элчиликтин өкүлү Айымкан Кулукеева кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG