Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Кочкордун Ак-Жар айылында окуучулар үйлөрдө билим алышат


Нарындын Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылындагы орто мектептин сабактары быйыл үйлөрдө башталат. Мектеп авариялык абалда болгондуктан, ал жерде жумушту улантуу коркунучтуу экенин мектеп директорунун орунбасары Айнагүл Сулайманкулова билдирди.

Учурда мектеп жамааты айылда эч ким жашабаган 7 үйдү оңдоп жатышат. Турак-жайлар ээлеринин уруксаты менен убактылуу пайдалануу үчүн алынган.

Ак-Жар айылындагы орто мектеп 2007-жылдагы жер титирөөдөн кийин жараксыз абалга кептелип, жаңы имарат курулган. Бирок анысы да кулап калуу коркунучунда турат. Быйыл жазында окуучулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чатырларында окушкан.

Мугалимдер жаңы мектепти курган “Хан Теңири” компаниясын сотко берген. Бирок райондук сот компаниянын пайдасына чечим чыгарган.

Жергиликтүү бийлик быйыл кайра жаңы мектеп куруларын билдирген. Айылда 400дөн ашуун окуучу бар. (TSh\SE)

XS
SM
MD
LG