Армения жана Азербайжан өлкө башчылары бүгүн Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугат. Путин аларды алгач өз алдынча кабыл алып, андан соң үч тараптуу жолугушуу өтөрү кабарланган.
Армян президенти Серж Саргсян менен азербайжан башчысы Илхам Алиевдин бул жолугушуусу эки өлкө ортосундагы Тоолуу Карабак аймагы боюнча чыңалуу күчөп турган маалга туш келди.
Тоолуу Карабактагы бир нече күн мурдагы кагылышуудан бери дегенде 20 адам көз жумган.
Армения колдогон жикчилдер Азербайжандын армяндар басымдуулук кылган аймагын 1990-жылдардын башындагы согушта ээлеп алган. Андан бери эки тараптуу тиреш уланып келет. Баку Тоолуу Карабакты өзүнүн оккупацияланган аймагы катары санаса, Ереван аймак келечекте да Азербайжандын бир бөлүгү боло албайт деп эсептейт.