Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Луганскта кырдаал курч


Украинын Луганск шаардык бийлиги калаадагы кырдаал курч экенин расмий сайтында жарыялады. Электр энергиясы жок, байланыш тармагы иштебейт, суу токтотулган.

Облус борборунда ок атуулар уланып жатканы, куралдуу кагылыш токтой электиги кабарланууда. Дарыканаларды эсепке албаганда, дүкөндөрдүн баары жабык. Күйүүчү май дээрлик түгөнгөн. Банктар ишин токтоткон. Айлык акы, пенсия жана башка социалдык төлөмдөр берилбей жатат.

Өкмөт күчтөрү менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы кагылышуудан улам 8-августта 19 адам набыт кетип, 97ге жакыны жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG