Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Кыргызстан менен Түркия экономика тармагында кызматташууну улантат


Түркияга иш-сапар менен барган президент Алмазбек Атамбаев бүгүн түрк мамлекет башчысы Абдуллах Гүл менен жолугуп, мындан аркы кызматташууну талкуулады.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, тараптар буга чейинки кыргыз-түрк алака-катышы жогорку деңгээлде болгонун белгилешти жана аны мындан ары бекемдөө зарылдыгына токтолушту.

Түркия Кыргызстанды дайыма кыйын мезгилдерде колдоп келгенин айткан Алмазбек Атамбаев, мында Абдуллах Гүлдүн салымы чоң экенин билдирди.

Кыргызстан башчысынын Түркияга иш-сапары 8-августта башталган, ал 10-августка чейин уланат. Андан ары Орусияга барып, 11-12-август күндөрү Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугат. (SE)

XS
SM
MD
LG