Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Нетаньяху: Атышуулар уланып жатканда сүйлөшүүгө барбайбыз


Газа тилкесине урулган авиасоккудан 3 палестиналык мерт кетти алардын арасында өспүрүм да бар. Түн жарымда кайрадан башталган авиасоккулар Газа тилкесинин 25 жерине урулду.

Газа тилкесиндеги 3 күндүк элдешүүдөн кийин кайра жанданган соккулар жалпысынан 14 палестиналыктын өмүрүн алды. Ошол эле учурда Газадан Израил аймагына жүзгө жакын ракета атылган.

Израил өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Египет арачы болуп жаткан Хамас менен сүйлөшүүлөргө барбай тургандыгын билдирди. “Газа тилкесинен Израилди көздөй ок атуулар токтобой турган чакта сүйлөшүүгө барбайбыз”,- деди Нетаньяху.

Июль башынан берки Израил менен палестиналыктардын салгылашынан 1900 палестиналык мерт кетти. Алардын көбү жай тургундар. Израил болсо 67 аскерин жоготту.

XS
SM
MD
LG