Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Армян жана азербайжан президенти Путин менен жолугушту


Армян президенти Серж Саргсян жана азербайжан президенти Илхам Алиев Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин менен жолугуп, Тоолуу Карабактагы жаңжалды чечүү жолдорун талкуулашты.

Үч тараптуу жолугушуу Путиндин Сочидеги жайкы резиденциясында өттү.

Орус лидери Азербайжан менен Армения урушту тынчтык жолу менен чечип алуулары керектигин белгиледи.

Азери президенти Илхам Алиев жолугушууда билдиргендей эки жылдан ашык созулган бул урушту чечүү убактысы келди.

Азербайжан менен Армения талашып жүргөн Тоолуу Карабакта соңку эки аптадан бери кырдаал кайрадан курчуду. Акыркы урушта 20 адам көз жумду.

Армения колдогон жикчилдер Азербайжандын армяндар басымдуулук кылган аймагын 1990-жылдардын башындагы согушта ээлеп алган. Анда 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган болчу.

Тооолуу Карабактын болочок макамы боюнча сүйлөшүүлөр ок атышууну токтотуу макулдашылган 1994-жылдан бери эле натыйжа бербей келет.

Баку Тоолуу Карабакты өзүнүн оккупацияланган аймагы катары санаса, Ереван аймак келечекте да Азербайжандын бир бөлүгү боло албайт деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG