Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Орус президенти Азербайжан жана Армения президенттери менен жолугушту


10-августта президенттер Илхам Алиев жана Серж Саргсян Сочиде Тоолуу Карабак жаңжалын сүйлөшүү үчүн президент Владимир Путин менен жолугушту. Владимир Путиндин сөзүнө караганда, Азербайжан жана Армениянын жаңжалды тынчтык жол менен чечүүнү көздөгөн эрктери бар. Азербайжан президенти Илхам Алиев узакка созулуп келаткан чатак жөнгө салынышы керектигин билдирген. Ал эми армян президенти Серж Саргсян:

- Биз мурдатан бери бул чатак аскердик жол менен чечилбесине ынанып келатабыз. Азыр да бири-бирибизди айыптай берсек, узак убакыт бою бул чатак чечилбейт.

Тоолуу Карабакта акыркы кезде кырдаал кайрадан курчуп, азербайжан жана армян атышуусунан 20дан кем эмес адам өлдү.(AiT)

XS
SM
MD
LG