Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Ирак өкмөт башчысына баш ийген аскерлер Багдадга жайгаштырылды


Премьер-министр Нур аль-Маликиге баш ийген куралдуу күчтөр Багдаддагы стратегиялык маанилүү обьекттерди коргоого алды. 10-августта кечинде жайгаштырылган аскерлер айрым көчөлөрдү жаап, көпүрөлөрдү көзөмөлгө алышкан. Аскерлер көчөлөргө чыгарылганга чейин Нур аль-Малики телекөрсөтүү аркылуу чыгып, Ирак президенти Фуад Масум тарабынан Конституция бузулганын, ага байланыштуу арыз жазарын билдирген. Нур аль-Малики башында турган коалиция апрелде болгон парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен.10-августка чейин президент аны өкмөт башчыга талапкер катары аташ керек эле. Бирок Ирактын түндүгүндөгү кырдаалга байланыштуу ал жасалган эмес. (AiT)

XS
SM
MD
LG