Түркиянын маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, бюллетендердин 90%нын саналышынын жыйынтыгына ылайык, президенттикке талапкер Режеп Тайип Эрдоган шайлоочулардын 52% добушун алууда. Ал эми оппозициялык талапкер Экмелиддин Ихсаноглу 39% тегерегинде, күрт азчылыгынын талапкери Селахиттин Демирташтан 9%дан көбүрөөк добуш алды.Түркияда биринчи жолу президент эл тарабынан түз шайланды. Өлкөнүн 53 млн. шайлоочусунун 77%ы шайлоого катышканы кабарланды. (AiT)