Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан бир кыргызстандык каза тапты


9-августта кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп бир кыргызстандык жаран каза таап дагы экөө жараат алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык 9-август күнү саат 17:30 чамасында Тажикстандын Тупакүл аймагында тажик чек арачылары менен кыргызстандык 3 мергенчинин ортосунда атышуу болгон.

Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматында, эки жаран окуя болгон жерде кармалган. Алардын жанынан 8 огу менен мергенчи мылтыгы табылган. Кыргызстандык эки жаран учурда Тажикстандын атайын кызматынын Жерге-Тал районундагы убактылуу кармоочу жайында кармалып турат.

Эки тараптын алдын ала иликтөөлөрүнө ылайык, кыргызстандык үч аңчы тажик тарапка мыйзамсыз өтүп кеткенин Чек кызматынан билдиришти.

3 жаран тең Оштун Чоң-Алай районунун тургундары экени тастыкталды. Окко учкан жарандын сөөгү кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.

Бүгүн болуп өткөн окуяны териштирүү үчүн эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушат. (UEz)

XS
SM
MD
LG