Түркияда иш-сапары менен жүргөн президент Алмазбек Атамбаев кечээ өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Эрдоганды эл алдында түркчө куттуктады.
- Түркия 12 жыл мурда башка өлкөлөрдөн карыз сураган чабал өлкө болчу. Эми башка өлкөлөргө жардам берген өлкөгө айланды. Мунун баары Түркиянын лидери Тайип Эрдогандын реформаларынын жемиши,- деди Атамбаев Анкарада чогулган калың эл алдында.
Атамбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатканда Эрдоган анын жанында туруп, калың эл сүрөөнгө алып турду.
Түркиянын маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, бюллетендердин 90% саналышынын жыйынтыгына ылайык, президенттикке талапкер Режеп Тайип Эрдоган шайлоочулардын 52% добушун алууда. Ал эми оппозициялык талапкер Экмелиддин Ихсаноглу 39% тегерегинде, күрт азчылыгынын талапкери Селахиттин Демирташтан 9% көбүрөөк добуш алды. Түркияда биринчи жолу президент эл тарабынан түз шайланды. Өлкөнүн 53 млн. шайлоочусунун 77% шайлоого катышканы кабарланды. (UEz)