Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:28

Айыл чарба азыктары Орусияга экспорттолот

Орусиянын батыш өлкөлөрүнөн азык-түлүктөрдү сатып алуудан баш тартуусу Кыргызстандын айыл чарба азыктарын экспорттоого кеңири жол ачат. Мындай пикирин Экономика министринин орун басары Данил Ибраев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында Кыргызстан Орусияны эт-сүт азыктары менен камсыздоого кызыкдар.

15-августта Москвада Евразия экономикалык аймагына кирген өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлери ушул маселелерди талкуулашат. "Биздин экспорттук потенциалыбыз чоң. Болгону товарларды чыгаруу ишин бажы биримдигинин мыйзамдарына шайкеш келтиришибиз керек",- деди Ибраев.

Деген менен айрым экономисттер Кыргызстан менен Орусия түз чектешпей турганын эске салып, айыл чарба азыктарын Казакстан аркылуу чек арадан өткөрүү оңойго турбастыгын белгилешет. (UEz)

​
XS
SM
MD
LG