Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Косоводо "жихадчы" деп шектелген 40 адам камакка алынды


11-августта Косовонун полициясы ислам радикалдарына каршы чоң операция өткөрдү. Анын жүрүшүндө Сирия жана Ирактагы экстремисттердин катарында согушкан деп шектелип, 40 адам камакка алынды. Полициянын өкүлү Баки Геланинин “Азаттык” радиосуна айтышынча, рейд 11-августта Косовонун 60 жайында өткөрүлдү:

- Бул операция Сирияда жана Ирактагы согушка катышкан же алар Ирактагы жана Сириядагы "Ислам мамлекети жана “ал-Нусра” өңдүү террорчу уюмдарды колдогон деп шектелгендерди камакка алуу үчүн өткөрүлдү. Биз оор куралдарды, анын ичинде АК-47 автоматтарын, майда калибрдүү куралдарды, түрдүү электрондук жабдууларды, ок - дарыларды, жардыргыч заттарды колго түшүрдүк.

Полициянын маалымдашынча, Сирия жана Ирактагы согушта 16 косоволук өлгөн. Расмий бийликтердин айтуусунда, Ирак жана Сириядагы экстремисттер менен чогуу 100дөн 200гө чейин косоволук согушуп жүрөт.

XS
SM
MD
LG