Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:24

БУУ Газадагы аскердик кылмышты иликтөө үчүн комиссия түздү


Газа секторунда Израиль менен ХАМАСтын кагылышуусунда аскердик кылмыш жана адам укуктарынын бузулушун иликтөө үчүн Бириккен Улуттар Уюму комиссия түздү. Аны эл аралык укук боюнча канадалык профессор Уильям Шабас жетектейт. Курамда адам укуктары боюнча сенегалдык эксперт Дуду Дьен жана британ-ливандык адвокат Амаль Аламуддин бар. Комиссия келерки жылдын 15-мартына чейин Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине баяндамасын берүүгө тийиш. ХАМАС иликтөөнү колдоого алды. Ал эми Израиль каршы чыкты. Бул арада Израиль делегациясы ХАМАС менен узак мөөнөттүк тынчтыкка жетишүү үчүн сүйлөшүүгө 11-августта Каирге келгени кабарланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG