Кошмо Штаттардын президенти Обама Ирактын өкмөт башчылыгына Хайдер аль-Абадининин көрсөтүлүшүн “көп нерсени убада кылган алга кадам” деп атады:
- Бүгүн президент Масум өкмөт башчылыкка жаңы адамды көрсөттү. Ирак Конституциясына ылайык, өкмөттү түзүүдөгү бул маанилүү кадам Ирактагы ар түрдүү коомчулуктарды бириктире алат.
Массачусетс штатында эс алып жүргөн мезгилинде 11-августта жасаган билдирүүсүндө Обама өкмөттү тезирээк түзүүгө, саясий күчтөрдү биргелешип иштөөгө чакырды.
Обаманын билдирүүсүндө Ирактын азыркы өкмөт башчысы Нури аль-Маликинин ысымы аталган эмес. Нури аль-Малики өлкөдө диний касташууну жаратты деп айыпталууда. Бирок Малики президент Фуад Масум өкмөт башчылыкка талапкер катары Абадини атоо менен Конституцияны бузду деп, сотко кайрылган. Сот аны колдоп берди. (AiT)