Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Текебаев: "Көчмөндөр оюну" башталганча ат майдандын атын өзгөртүү керек


Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаевдин ысымын алып жүргөн Чолпон-Атадагы ат майдандын атын шашылыш өзгөртүү керек. Мындай пикирин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев аталган маселеге арналган жыйында билдирди.

Анын айтымында, кылмыш дүйнөсү менен катуу күрөшүп жатабыз деген өлкөдө кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Көлбаевдин атасынын аты берилиши моралдык жактан туура эмес. Текебаев ат майдандын аталышын түрк тилдүү элдердин ат оюндары башталгыча өзгөртүү керек деген пикирде:

- Аталган ат майдандын Көлбаевдин атын алып жүрүшү коомчулук тарабынан криминалдык дүйнөнүн жеңиши катары кабыл алынышы мүмкүн. Анткени бул чоң пропаганда. Ысым ар бир объектке саясий-идеологиялык максатта берилет. Бул ысым келечекке умтулган жаштарды туура эмес багытка бурат,- деди Текебаев.

Маркум Асанбек Көлбаевдин ысымы аталган ат майданга 2012-жылдын августунда ыйгарылган. Маалыматка ылайык, Көлбаевдин атасы Ысык-Көл райондук спорт комитетин 34 жыл бою башкарган. Ал кылган иши үчүн республиканын эмгек сиңирген машыктыруучусу деген наамга татыган. (UEz)

XS
SM
MD
LG