Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:33

Жээнбеков: кызматымдан өз арызым менен убактылуу гана четтедим


Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков ээлеген кызматынан өз арызынын негизинде убактылуу гана четтеген. Бул тууралуу Жээнбеков “Азаттыкка” өзү билдирди.

- Мен 3-4 күн мурда президент менен премьер-министрге убактылуу кызматтан четтетип тургула деп арыз жазгам. Менин тиешем бар делген Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясындагы мыйзамсыз иштерди текшерүүгө жардам берейин дегем. Андыктан кызматымдан убактылуу гана четтедим. Менин аталган иш боюнча күнөөлүү экенимди сот гана айта алат, болбосо мунун баары куру жалаа, - деди Жээнбеков.

Жалал-Абадды 5 айдан бери жетектеп келаткан Жээнбеков өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен бүгүн кызматынан четтетилген.

Мындан мурдараак парламенттеги көпчүлүк коалиция Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын мыйзамсыз иштерине байланыштуу 12 аткаминерди кызматтан алуу боюнча премьер-министрге кат жолдошкон болчу. (UEz)

XS
SM
MD
LG