Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Эбола курмандыктарынын саны миңден ашты


Либерияда дарыгерлер эболадан өлгөн адамдын сөөгүн алып кетип жатышат. 6-август, 2014-жыл.
Либерияда дарыгерлер эболадан өлгөн адамдын сөөгүн алып кетип жатышат. 6-август, 2014-жыл.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму кабарлагандай, Батыш Африкада жайылып жаткан бул вирустан каза тапкандар саны 11-августка карата 1013кө жетти.

Алар - Гвинея, Либерия, Сиерра-Леоне, Нигериянын жарандары.

Бул өлкөлөрдүн бийликтеринин эсебине караганда, эбола вирусун дагы 1850дөй киши жуктурду деп шектелүүдө.

Азырынча вируска каршы лицензияланган вакцина жок жана аны дарылоонун ыкмалары да иштелип чыга элек.

Бирок, бейтаптардын үчөөсү тажрыйба иретинде даярдалган дарыны алышты.Либерия сынала эле тажрыйба дарынын дозалары өлкөгө ушул аптада келерин билдирүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эбола вирусун саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү глобалдык коркунуч катары баалоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG