Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Обама Иракта премьер-министрликке талапкер көргөзүлүшүн кубаттады


АКШ президенти Массачусетстеги басма сөз жыйында белгилегендей, Хайдар ал-Абаданин премьер-министрликке көргөзүлүшү “үмүттөндүргөн кадам”.

Обама Абадани саясий күчтөрдүн баары камтылган өкмөттү мүмкүн болушунча тез куроого, саясий лидерлерди бирге иштөөгө чакырды.

АКШ президенти өз билдирүүсүндө учурдагы премьер-министр Нури ал-Малики тууралуу эч нерсе айткан жок.

Ал-Малики кечээ ирак президенти Масумду өкмөт куроону ал-Абаданиге тапшыруу менен конституцияны бузганы үчүн айыптаган.

Нури ал-Малики үчүнчү мөөнөткө премьер болууга умтулганы менен анын дарегине кызматтан чегинүү чакырыктары да айтылып жаткан.

Мындай чакырыктар сунни, күрт тайпаларынан, атүгүл айрым шииттерден чыккан.

Саясий каршылаштар ал-Маликини аягы исламчыл согушкерлердин баш көтөрүп, бир топ аймактарды басып алуусуна алып келген диний негиздеги араздашууга, кыянатчылыктарга жол бергени үчүн айыпташат.

Ирактагы соңку парламенттик шайлоо апрелде өткөн. Анда бир да партия парламентте өз алдынча өкмөт түзгүдөй орун алган эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG