Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Акматбек Келдибеков дарылануу үчүн Малайзияга учуп кетти


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен ден соолугуна байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулуп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берилген Акматбек Келдибеков дарылануу үчүн 10-августта Малайзияга учуп кетти. Бул тууралуу анын жактоочуларынын бири Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, Келдибеков Малайзиядагы ооруканалар менен макулдашкан. Буга чейин анын Германияда дарыланары айтылган болчу.

"Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган Келдибеков өткөн жылдын күзүнөн бери камакта болчу. Бул аралыкта ал буту жана колунан төрт жолу операция болду.

Айрым серепчилер соттун чечими туура эмес болгонун, депутат ошондон нары Кыргызстанга келбей коюшу мүмкүн экенин айтып жатышат.

Прокуратура болсо Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгартуу максатында шаардык сотко доо арыз жолдогон. (UEz)

XS
SM
MD
LG