Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Сузакта Батыровдун мүлктөрүнө байланыштуу митинг өттү


Бүгүн райондогу Кадыржан Батыровго тиешелүү "Алькап” ишканасынын алдында 50дөй жарандын катышуусунда митинг өттү. Алар Батыровдун мүлктөрү мурункудай тартипте иштеп, мамлекетке өткөрүлбөй жатканына нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу акциянын уюштуруучусу Бактыгүл Алиева айтат.

- Ишкананын финансылык маселелери мурдагы схемада иштеп, Батыровдун көзөмөлүндө болууда. Ошол себептүү мамлекет өз карамагына алган соң, жетекчилиги кызматтан кетиши керек,- дейт Алиева.

2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлөнгөн Кадыржан Батыров Сузак райондук сотунун чечими менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, бардык мүлкү сот аркылуу конфискацияланган. Ушул жылдын 17- июлунда өкмөттүн токтомуна ылайык, Жалал-Абад облусундагы Батыровго тиешелүү 27 объект мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG