Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Түндүк Иракта жардам ташыган тик учак кыйрады


Язиди качкындары, 10-август, 2014-жыл.
Язиди качкындары, 10-август, 2014-жыл.

Жергиликтүү теленин кабарына караганда, армиянын орусиялык өндүрүштөн чыккан тик учагы Синжар тоолорундагы качкындарга жардам жеткирүү учурунда кыйрады.

Кырсыкта тик учактын учкучу өлүп, ирак парламентинин язиди азчылыгынан шайланган депутаты жаракат алган.

Сунни согушкерлеринин "Ислам мамлекети" тобу басып киргенде язиди диний азчылыгынын он миңдген өкүлдөрү үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон эле.

Кабарларда согушкерлер алардан исламга өтүүнү талап кылып, болбосо өлтүрүлөрүн эскертишкени айтылган.

Качкындардын көбү күндүн ысыгында Синжар тоолорунан башпаанек табышкан.

Буга чейин Ирактын, ага катар АКШнын, Британиянын, Франциянын армиясы тоодогу качкындарга тамак-аш жана сууну абадан ташташкан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG