Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Украина Орусияга каршы санкция киргизет


Орусияга санкция киргизүүнү караган мыйзам долбоорду бүгүн Жогорку Рада биринчи окууда кабыл алды.

Ага дейре документти украин өкмөтү өткөн жума күнү жабык жыйынында жактырган.

Премьер-министр Арсений Яценюктун айтымында, санкциялар Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана анын жарандарына каршы кылмыш жасады деп шектелген орусиялык мекеме-уюм, ишканаларга жана жеке адамдарга каршы багытталган.

Расмий Киев түзүп жаткан “кара тизмеде” 172 орусиялык жаран жана 65 компания жазылган.

Мыйзам долбоордо санкциянын 29 түрү көргөзүлгөн. Алардын арасында Орусиянын маалымат каражаттарын жабуу, активдерди тоңдуруу, Украинанын аймагында чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салуу өңдүү чаралар бар.

Санкциялар Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин чечими менен киргизилет. (UE)

XS
SM
MD
LG