Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Владимир Путин Сочиде Египет президенти менен жолугушту


12-августта орус президенти Путин египет президенти Абдель-Фаттах эль-Сиси менен сүйлөшүүлөр өткөрдү. Эки президент экономикалык кызматташуу, регионалдык жана эл аралык абалды талкуулаганы кабарланды.

Президент Владимир Путин жолугушуу учурунда буларды билдирди:

- Сиз президенттикке шайлангандан кийин араб дүйнөсүнөн башка тарапка биринчи сапарыңыз бизге жасалганын белгилөө өзгөчө жагымдуу. Бул эки өлкөнүн мамилесинин өзгөчө мүнөзүнөн кабар берет. Бул мындан ондогон жылдар мурун эле калыптанган.

Абдель-Фаттах эль-Сисиге Сочиде орус аскердик техникалары көрсөтүлдү. Орусия Египет аркылуу өзүнүн таасирин Жакынкы Чыгышка күчөтүүнү көздөп жатканы айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG