Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Тажикстанда террорго шектелгендер соттолду


Тажикстандын ТАЛКО алюминий заводунда терракт жасоого даярдык көргөн деп апрель айында кармалгандар айыптуу деп табылып, узак мөөнөттөргө кесилди. Тажикстандын Жогорку Соту жети кишини 18 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыратты. 12-августта чыккан соттун өкүмүндө алар өкмөттү кулатууну көздөгөн, экстремисттик топту түзгөн, террорчулук, мыйзамсыз курал сактаган деп айыпталды. Соттолгондордун баары өзбек тектүүлөр. Алар айыптарды негизсиз деп жатышат. (AiT)

XS
SM
MD
LG