Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Орусия гуманитардык жүктү Эл аралык Кызыл чырым уюмуна өткөрүп берет


Орусиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Орусиядан Чыгыш Украинага багыт алган гуманитардык жүк чек араны Эл аралык Кызыл чырым уюмунун жетегинде басып өтөт. 280 транспортто 2 миң тонна жүк бар. Алардын арасында балдар азыктарынан тартып, уктоочу каптарга чейин бар экенин орус бийлиги 12-августта кабарлады. Украина гуманитардык жүк Эл аралык Кызыл чырым уюму аркылуу гана өткөрүлөрүн билдирген. Украина жана Батыш өлкөлөрү гуманитардык жүк менен орус аскерлеринин Чыгыш Украинага киришине жол ачылат деп чочулоодо. (AiT)

XS
SM
MD
LG