Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Жалал-Абад: митингге катышкан жарандын жоголгонун жакындары билдирүүдө


Кечээ, Сузак районундагы Кадыржан Батыровго тиешелүү "Алькап" ишканасынын алдында 50дөй жарандын катышуусунда митинг өткөн. Андан соң уюштуруучулардын бири Акбала Нурдиновду белгисиз адамдар кармап кеткенин акциянын уюштуруучусу Бактыгүл Алиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда Нурдиновдун кайда экени белгисиз.

- Кечээ күнү катуу талаптарды айтып, Батыровго тиешелүү мүлктөрдү башкарып жаткандар ээлеген кызматтарынан кетүүсүн эскерткенбиз. Бизге азыртан коркутуулар болуп, спортчу балдарыбызды чекеден чакырып алып, бирөөсүн уурдап кетти,- дейт Алиева.

Жоголгон жарандын жакындары бул иш боюнча УКМКнын облустук бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Бирок УКМКдан Нурдиновдун жоголгондугу тууралуу арыз түшпөгөнүн "Азаттыкка" билдиришти. Жергиликтүү милиция да бул боюнча маалыматы жок экенин маалымдады.

Батыровдун мүлктөрүн мамлекетке өткөрүүнү талап кылгандар нааразылык акциясын эртең Жалал-Абад шаарында улантышат.(RsK)

XS
SM
MD
LG