Кыргызстанда 147 мектеп авариялык абалда турат. Мындай маалыматты Билим берүү министринин орун басары Доктуркүл Кендирбаева “Азаттыкка” билдирди.
- Өлкө боюнча 5 мектептин окуучулары быйыл жеке үйлөрдө окууга аргасыз. Анткени аталган мектептердин курулушу бүтпөй калды. Айылдагы жеке тамдарды ижарага алып, балдарга ошол жерден билим беребиз, - деди Кендирбаева.
Учурда мектептердин 90 пайызы ремонттон өтүп, жаңы окуу жылына даяр. Ремонт иштери үчүн быйыл бюджеттен 100 млн. сом бөлүнгөн.
Кыргызстанда 2024 мектеп бар, окуучулардын жалпы саны 1 миллиондун тегерегинде. (UEz)