Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Учкунбек Ташбаев жатак абакка которулду


Биринчи май райондук сотунун чечими менен 5 жылга эркинен ажыратылган Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурунку жетекчиси Учкунбек Ташбаев жатак абагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, Ташбаев 12-августта сот чечими менен №1 тергөө абагынан жатак абакка чыгарылды.

Ташбаев июнь айынын башында Биринчи май райондук сотунун чечими менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, шалаакылык беренелери боюнча айыптуу деп табылып 5 жылга эркинен ажыратылган эле.

Убагында Бакиевдердин командасындагы белдүү топ-менеджерлердин бири саналган Учкунбек Ташбаев Максим Бакиев түзгөн ЦАРИИнин, башкача айтканда, инвестициялар жана өнүгүү боюнча борбордук агенттиктин жетекчисинин орунбасары болуп иштеген. 2010-2011-жылдары экономика министри, 2012-жылы Геология жана жер ресурстары боюнча агенттиктин башчысы болуп иштеген.

Ага кен иштетүү үчүн лицензияны чет элдик компанияларга берүүдө кызмат абалынан пайдаланган деген айып тагылган. 2012-жылдын 30-ноябрында УКМК тарабынан камакка алынган. (UEz)

XS
SM
MD
LG