Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Кыргыздын элети өстү, элитасы өсө элек


Марат Эдигеев.
Марат Эдигеев.

Бала кезимде, бүт айылга көрүнөө тоонун бетинде “КПССке даңк!” деген ураан жазылып турар эле. Таш менен. Аны ар жаз келген сайын окуучулар барып акилеп турчубуз. Андан ары карай “СССР – тынчтыктын тиреги” деген бар эле. Ошентип улана берчү.

Бүгүн анын бири жок. Азыр айылда бирөө конок узатса, “Оо, баланчаныкы кудасын баягы КПССке даңктын түбүндө узатып атат” деген гана чалдыбар сөз калды. Муну эмне үчүн айттым? Анткени бүгүн ошол кадыр туткан, эш туткан сөздүн орду бош. Кезинде ошол таштан эки сап жазууга районду кой, облустан көзөмөл көрсөтмө болчу. Демек бүгүн мамлекеттик үгүттүн, ураандын, тартиптин орду бош.

Элди алдыга жетелеген демилге жок, күч жок. Он баланы төрөгөн энеге республикадан чоңдор келип “Баатыр эне” орденин төшүнө тагып атса, эмне деп ырахматын айтаарын билбеген эне “Мен он биринчи баламы төрөгөнгө убадамды берем!” - деп жиберген тура. Элге шык керек экен да, жок эле дегенде эл башчыларынын, мамлекеттин алга деген демилгелери керек экен.

Биздин мамлекеттин коомчулук менен, эл менен иштеген саясий пропагандалык рычагы алсыз. Алардын жалгыз жасап билгени митингдерден элди алаксытуу үчүн теледен ыр, чоор, жай тасмаларды көргөзүү. Алсыз да болсо Акаевдин демилгелери бар эле: “Кыргызстан – Азиядагы экинчи Швейцария болот”, “Кыргызстан - укуктук мамлекет”, “Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз”, Манастын миң жылдыгы ж.б. Жок дегенде ошого тете ураан көтөрө албай келатканыбызды моюндашыбыз керек. Жон Кеннеди “Кыялы жок эл – куруйт”,- дептир.

Умтулуу, ураан болгондо, анан анын артынан чоң долбоор, программалар келип чыгат. Айталы, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо иши кимдин мойнунда? Ушундай вазийпаны ким аркалашы керек? Мамлекет аткарып жатабы? Жок. Ата-энеби? Балким. Колунан келген болсо.

Бүгүнкү күнү кыргызды эл, мамлекет кылып кармап келген - ал өзүбүздүн канга бүткөн ата -салты, каада, анан намыc экенин өзүбүз байкабай келебиз. Кыргызстан экономикасын жалган сандар менен эмес, көз көргөн реалдуулук менен айта турган болсок, акыркы мезгилдерде кыргыз элет турмушу кадыресе ирденди. Төгөрөгү жайлоо менен жаздоосуна жарашкан төрт түлүккө айланды. Шаардан ордун таба албагандар элетке кача баштады. Элеттиктер калаанын мамык комфортун элетке көчүрүп жатышат. Көз тийбесин, бул жакшынын белгиси. Бирок мунун себебин мен башкадан таптым. Ар бир кыргыз эрдин, үй-бүлөнүн көкүрөгүндө “Элден калбайлы, журттан чыкпайлы, короосунда үрүп чыгаар ити жок аталбайлы”, “Эл эмне дейт?” деген тымызын тынч койбогон намыс дайым жашайт экен. Ушул аракет, ушул намыс элди бутуна тургузуп жатат. Буга мамлекеттик камкордук өбөлгө болгон жок. Бул кандайдыр бир мамлекеттик туура экономикалык саясаттын жемиши эмес. Бул биздин элдин сапаты.

Алиги “кыргыз бунту” дейбизби ыңкылапчыл, октон тайбас эр дейбизби назили, кыргызда ошонун элесин берген алдыга умтулуучулугубуз, кулчулукту жериген, ага баш ийбеген намыскөйлүк бар экенин 21- кылымдын турмушу көргөздү. Мындай элге даанышман башчы жана мамлекеттик даанышман саясат туура келген болсо өлкө ойгонот эле, бутуна турат эле.

Плехановдун айтканы бар: “Адамдар жердеги жолунан адашып калган үчүн келечек жолун асмандан издеп жүрүшөт”,- деп. Баарынан, бийлигинен, саясатынан, чуулуу шайлоосунан, ыңкылабынан, адилеттик жоктугунан тажаган эл баарысына кол шилтеп бөлөк жол издей баштайт экен. Муну “кет-кет” деген кыргыз. Ушундай туңгуюкта “Ээй”, деп колдон сүйөгөн акылмандар чыкмак... Ал бүгүнкү эл каймагы деген элита болуш керек эле. Тилекке каршы, бүгүн кеп тыңшаш үчүн эшик кагып бара турган катмарыбыз аз. Ал көрүнбөйт, үнү угулбайт.

Ошентип, өзүнүн 23-эгемендүү жылына Кыргызстан телегейин тегиздей албаса да тынччылык деген улуу сөз менен кирип турганы. Ушуга каниет кылып, жакшылыктан үмүт үзбөгөн миңдеген жердештерим сыңары мен дагы Ала-Тоомдун амандыгын, өнүгүп-өсүшүн тилеп турам.

“Элиң кичине болсо, замбирегиң чоң болсун” деген. Аз болсок да намыс, арыбыз бийик болсун!

Марат Эдигеев, Ак-Талаа району, Кош-Дөбө айылы

XS
SM
MD
LG