Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

АКШ Түндүк Иракта езид жана тарса бозгундарды эвакуациялайт


АКШ Түндүк Ирактын тоолорунда кезерип жүргөн он миңдеген адамдарды эвакуациялоону каалайт. Бул жөнүндө АКШ Мамкатчысы Жон Керри 13-августта билдирди. Анын айтымында, "Ислам мамлекети" тобунун согушчандарынан качып, Синжар тоосунда бозуп жүргөн езид жана тарса (христиан) азчылыктарына тез зарыл жардам көрсөтүү жагын америкалык адистер изилдешүүдө.

БУУ тоодо тозуп жүргөн 20-30 миңдей адам бир нече сааттын же бир күндүн ортосунда кыргынга кабылганы турганын эскертти.

12-августта Синжарга жардам таштап жаткан ирактык тик учак кулап, пилот курман болуп, парламент мүчөсү жана New York Times гезитинин кабарчысы жараат алды.

Иран жана Сауд Арабия өкмөттөрү Хайдар ал-Абадинин Ирактын премьер-министрлигине көрсөтүлүшүн жактоосу Нури ал-Маликиге премьер-министрликтен кетүү боюнча кысымды күчөттү.

XS
SM
MD
LG