Нарындагы Орток аймагынын Таш-Башат айылында өрт коопсуздугу дагы эле сакталып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Ыкыбал Абдираимова билдирди.
- Учурда аталган аймакта жалындаган өрт жок. Бирок эки аймакта кайрадан жалын тутанып кетиши мүмкүн. Учурда 40-50 адамдан турган өрт өчүрүүчү бригадалар иштеп жатат. Аларга көмөк көрсөтүү үчүн кошумча күч борбордон да жөнөтүлдү, - деди Абдираимова.
Анын айтымында, кечээ чыккан өрттөн 80 гектар жердеги куураган чөптөр жана 20 гектардай бадал, карагайлар күйүп жок болгон. Өрттөн жабыркагандар жок. Тилсиз жоого каршы 500гө чукул адам күрөшкөн.(UEz)