Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Кыргыз-казак чек арасында атышуу болду


Кыргыз-казак чек арасында дары чөп терип жүрүп коңшу өлкөнүн аймагына өтүп кеткен кыргызстандыктар менен казак чек арачыларынын ортосунда атышуу болду.

Бул тууралуу Казакстандын чек ара кызматына таянып казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев атышуу боюнча маалымат телефон аркылуу гана келгенин, учурда тактоо иштери жүрүп жатканын ырастады.

Казак чек арачыларынын маалыматына таянсак, дары чөптөрдү чогултуп жүргөн 5 кыргызстандык жаран чек арадан мыйзамсыз өткөн. Алар качууга аракет кылып, коңшу өлкөнүн чек арачыларына куралдуу каршылык көрсөткөн. Эки жаран колго түшүрүлгөн, үчөө качып кетүүгө үлгүргөн.

Атышуудан жабыр тарткандар жок. Окуя Ысык-Көлдүн Григорий капчыгайы тарапта болгон.

Учурда Казакстандын чек ара кызматы аталган факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG