Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:54

Октябрдан тарта электр энергиясына чектөөлөр киргизилет


Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан 2015-жылдын 31-мартына чейин электр энергиясына өлкө боюнча чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн селектордук жыйынында айтылды.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, быйылкы күз-кыш айларында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлөт. Ушул себептүү азыртан электр энергиясынын альтернативдүү жолдоруна өтүү керек. Оторбаев бул боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине кыштан чыгуу боюнча тапшырма берди.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу дээрлик 4 млрд. кубга аз. Ушул себептүү электр энергиясын колдонуу 30 пайызга азайтылат. (UEz)

XS
SM
MD
LG