Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Оң сектор Чыгыш Украинада 12 жоокеринен ажырады


Украиндердин ашынган улутчул топтору 13-августта таңга жуук орусиячыл жикчилдердин буктурмасына кабылып, 12 жоокери өлгөнүн жана белгисиз сандагы жоокерлери туткунга түшкөнүн маалымдады. Оң сектор тобунун өкүлү Артем Скоропадскийдин Рейтер агенттигине айтымында, алар түшкөн автобус Донецктин сыртындагы Мандрыкино кыштагында жамгырдай төккөн октун астында калган. Анын айтымында, бул Оң сектордун Чыгыш Украинадагы апрелден берки эң чоң жоготуусу.

Оң сектор февралда Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти бийликтен кулатууда чоң роль ойногон.

XS
SM
MD
LG