Жабдуулардын биринчи бөлүгү бүгүн келиши күтүлүүдө. Жалпысынан 3 млн. 800 миң долларга 950 комплект жабдуу келет. Анын ичинде компьютер, фотоаппарат, ноутбук жана башка биометрикалык маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берүүчү каражаттар бар. Өкмөт 1-сентябрдан эмес, 25-августтан тарта биометрикалык маалыматтарды топтоого киришүүнү көздөөдө. Биометрикалык маалыматтарды топтоо өлкөдө “бир жаран-бир добуш” системасы аркылуу адилет шайлоону камсыз кылуу үчүн киргизилмекчи. (AiT)