Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Кыргызстанда 1015 адам гемодиализге кезекте турат


Кыргызстанда гемодиализ же жасалма бөйрөк менен камсыздоо үчүн 1015 адам кезекте турат. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Анарбек Алимахунов билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуулардын жалпы саны 1488. Алардын 473ү бюджеттик негизде гемодиализ аппараты менен камсыздалган.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда гемодиализге муктаждардын саны 2010-жылы 305 болгон болсо, 2013-жылы алардын саны 4 эсеге көбөйүп, 1488ди түзгөн.

Мындай оорулуулар бөйрөк аткаруучу функцияны жасалма жол менен аппарат аркылуу жасатып, айына 12 жолу канын тазалатып турушат. Кезекке илинген бейтаптарга мамлекеттин эсебинен бекер жасалат. Бирок мамлекеттик эсепке алынганга чейин ал үчүн төлөөгө туура келет жана бөйрөктү бир жолу жуудуруунун баасы 5200 сом. Кыргызстанда мындай 65 гана аппарат бар. (UEz)

XS
SM
MD
LG