Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

ТИМ беларус элчисинен Бакиевдин сыйлыгы боюнча дагы түшүндүрмө талап кылды


Тышкы иштер министрлиги Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенкону чакырып, өлкөнүн качкын президенти Курманбек Бакиевге беларус бийлиги тарабынан берилген мамлекеттик сыйлык боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылды. Мындай маалыматты ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда беларус элчиси мурдагыдай эле аталган сыйлыктын берилгенин тастыктаган расмий маалымат жок экенин билдирген. ТИМ Денисенкодон буга чейин да түшүндүрмө талап кылган.

ТИМ аталган сыйлык кыргыз элинин кыжырдануусун пайда кылганын беларус дипломатына эскертип, андан эки өлкөнүн кызматташтыгына жик салчу бул кадамды кайра карап чыгуусун мамлекет жетекчисине жеткирүүсүн өтүндү.

Август айынын башында Беларус президенти Александр Лукашенко экс-президент Курманбек Бакиевге “Эл достугу” орденин тапшырган.

Курманбек Бакиев 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң Кыргызстандан чыгып кеткен. Ага митингчилерге ок атуу боюнча бир нече айып тагылган. Ушул жылдын февралында мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча Бишкек гарнизонунун аскер соту Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан.(UEz)

XS
SM
MD
LG