Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

ЕБ Ирак күрттөрүнө курал жөнөтүүнү талкуулайт


Бу маселеге байланыштуу Брюсселде жыйынга Биримдикке мүчө 28 өлкөнүн кеминде 20сынын тышкы иштери иштер министрлери катышат деп боолгонууда. Буга чейин "Ислам мамлекети" тобу менен согушуп жаткан күрт аскерлери-пешмаргелерге Франция каруу-жарак жөнөтөм деп сөз берген. Мындай чечимди Британия оң баалаган. Германия да автомобиль, туулга-каска, ок өтпөс бронжилет жибермек болууда. Апта башында Еврокомиссия Иракка 17 млн. еврого гумжардам жөнөтүлөрүн билдирген.

"Ислам мамлекетинин" согушчандары Түндүк Ирактагы диний жана этностук азчылыктарга, айрыкча, езиддерди, тарсаларды (христиан), шииттерди жана түркмөндөрдү үй-жайларынан аёосуз кууганы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG