Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Cygnus космостук көлүгү Жерге кайтты


1 600 килограмм таштанды жүктөлгөн коммерциялык көлүк эл аралык космостук станциядан Жерди көздөй сапар алды. АКШнын космостук агенттиги- НАСА Cygnus көлүгүн июль айында АКШнын Orbital Sciences корпорациясынан орбитага зарыл заттарды жеткирүү үчүн ижарага алган.

Ал космоско 1 400 килограммдан көп жабдуу жана азык-түлүк жеткирген. Эми космостук көлүк 17-августта Жердин атмосферасына кайра киргенде күйгүзүп жиберилет. Эл аралык орбиталдык станциядагы алты астронавт көлүктүн күйгөнүн видеого анализ үчүн тартып алганга аракет кылат. НАСА жана анын эл аралык өнөктөштөрү: Орусия, Европа, Жапония жана Канада келерки жыйырма жылда орбиталдык станциялар өчүрүлөр алдында космостук көлүктөрдүн Жердин атмосферасына кайра кирүүсүн изилдешүүдө.

XS
SM
MD
LG