Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Украин тарап Орусиянын гумжардамын текшерүүгө киришти


Украиналык инспекторлор гумжардам тарткан орусиялык кербенди текшере башташты. Украин бийликтеринин маалымдашынча, 280 автомобилге жүктөлгөн гумжардамды текшерүү үчүн ондогон чек арачылар жана бажы инспекторлору Орусия жакка өтүштү.

Москванын айтымында, гумжардамга Чыгыш Украинанын төрт айдан берки согушта жабыркаган эли муктаж. Орусиячыл жикчилдер менен төрт айдан бери жүрүп жаткан уруш кезде 2 миңден ашуун адам өлүп, 250 миңден ашуун адам бозгун болгону буга чейин маалымдалган. Жикчилдердин колундагы Донецк шаарында соңку бир күндө артиллериялык аткылоолордон 11 жайкын жаран курман болду.

Украинанын тышкы иштер министри 15-августта Bloomberg TV каналына телефондон берген интервьюда:

- Биз бардык негизги талаптар аткарылса, эки жактуу ок атышпоого даярбыз. Бизде террорчулар менен эч кандай байланыш жок, бизде шарттын аткарылганын тастыктоо үчүн ЕККУнун миссиясы жок. Бизде Орусия-Украина чек арасынын эффективдүү көзөмөлдөө механизми жок. Эгер бул шарттар аткарылса, эки жактуу атышуулар сөзсүз токтотулат,- деди Павел Климкин.

The Guardian жана The Telegraph гезиттеринин кабарчылары 14-августа гумкербенди жандаган 20дан ашуун бронетехника Украинага Орусиянын Ростов облусунан өткөнүн жазышты. Украин армиясынын маалымдашынча, мындай маалымат текшерилүүдө.

XS
SM
MD
LG