Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Ооганстанда талиптер уурдаган индиялыктар бошотулду


Ооганстанда талиптер уурдап кеткен индиялык үч инженер бошотулду. Алардын ден соолугуна зыян келтирилген эместигин мамлекеттин атайын кызматы кабарлады.

Чет элдик адистер ишемби күнү кечинде Логар провинциясынын Бабус районунда жүргүзүлгөн атайын операциянын негизинде бошотулган. Аларды уурдаган талиптердин бири колго түшкөн.

Аймакта жумуш менен жүргөн инженерлер 15-августта уурдалган. Ошол эле күнү согушкерлер Герат провинциясында “Кызыл чырым” уюмунун оогандык төрт кызматкерин да барымтага алышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG